Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:09

Сот БШКнын "Биздин Кыргызстан" партиясы боюнча чечимин жокко чыгарды


"Биздин Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрүнүн Ош шаарындагы маалымат жыйыны.
"Биздин Кыргызстан" партиясынын өкүлдөрүнүн Ош шаарындагы маалымат жыйыны.

Бишкектин административдик соту Борбордук шайлоо комиссиясынын Ош шаардык кеңешине болгон кайра шайлоодон "Биздин Кыргызстан" партиясын четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

БШК 26-июлдагы отурумунда Ош шаардык кеңешине кайра шайлоого катышкан "Биздин Кыргызстан" саясий партиясына берилген добуштарды жараксыз деп таап, партияны тизмеден чыгарган.

Арыздарды караган жумушчу топ партияны тизмеден чыгарууга талапкерлердин добуш сатып алууга аралашканы себеп болгонун билдирген.

Кайрат Маматов Бишкектин административдик сотунун чечимин алгандан кийин, жогорку инстанцияга кайрылуу маселеси чечилерин айтты.

Буга чейин Ош шаарынын Аймактык шайлоо комиссиясы кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарып, Борбордук шайлоо комиссиясына бекитүүгө жөнөткөн.

Ага ылайык, мандаттар төмөндөгүчө бөлүштүрүлмөк: “Ата-Журт Кыргызстан” – 19, “Биздин Кыргызстан” – 15, “Улуттар Биримдиги” – 7, “Бир Бол” – 4.

Кыргызстанда 11-апрелде жергиликтүү жана шаардык кеңештерге шайлоо өткөн. Бишкек, Ош, Токмок шаарларында мыйзам бузуулардан улам добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылып 11-июлда кайра шайлоо өттү. (МТа)

XS
SM
MD
LG