Баткен облусунун Лейлек районунда жергиликтүү кеңештердин аял депутаттары үчүн "Элеттик аялдардын жергиликтүү деңгээлде чечим кабыл алууга катышуусун күчөтүү" деп аталган тренинг жыйынтыкталды.
24-25-июль күндөрү Ак-Суу жана Сумбула айылдарында өткөрүлгөн иш-чараны "Активист" коомдук бирикмеси USAIDдин "Жигердүү жарандар" долбоорунун алкагында уюштурду.
Уюштуруучулардын айтымында, депутат кыз-келиндердин активдүүлүгүн арттыруу, чечимдерди кабыл алууга активдүү катыштыруу маселелери айтылып, алардын укуктары, милдеттери тууралуу кеңири маалымат берилди. Мыйзамдык ченемдер жана гендердик маселелер боюнча суроо-жооптор болду.
Кыргызстанда соңку шайлоолордон кийин айылдык кеңешке жетекчи болгон аялдар кыйла көбөйгөнүн 15-июнда БШК билдирген. 43 айылдык кеңешке аялдар төрайым болушканы, буга чейинки шайлоодо 18 болгону айтылган.
Айылдык кеңештерде аялдарга 30% квота каралган мыйзам 2019-жылы кабыл алынган. Мындай эреже быйыл 11-апрелде жергиликтүү шайлоодо алгачкы ирет колдонулду.
Айрым аймактарда кыз-келиндер жергиликтүү кеңешке квота менен шайланып келгенине байланыштуу нааразылык чыккан жана мындан улам Боршайком аял депутаттарга бут тоспоого чакырган.
Лейлек району - борбордон эң алыс жайгашкан аймактардын бири. (RK)
Дагы караңыз
COVID-19: дагы 12 адам көз жумду, 973 бейтап жаңы катталдыТокио: Өзбекстан бир алтын, казак спортчулары эки коло медаль алышты Индияда суу ташкынында бери дегенде 115 адам курман болду