Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:03

COVID-19: дагы 12 адам көз жумду, 973 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 26-июлдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан 12 адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2261 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 973 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (637) жана Жалал-Абад облусунда (92).

Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 158 120 адамга жетти.

Бир күндө 1568 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 4187 адам жатат, дагы 13 691 бейтап үйдөн дарыланууда.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айында башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, быйыл жазында вирусту жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

15-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги өлкөдө коронавирус эпидемясынын үчүнчү толкуну жүрүп жатканын расмий билдирген. Июндун башында бир күндө коронавирус менен 2 миңге чукул бейтап катталып жаткан. (RK)

XS
SM
MD
LG