Кыргызстан дагы тогуз мамлекетке визасыз режим киргизди

Ысык-Көлдө тартылган сүрөт.

Кыргызстан дагы тогуз мамлекетке 60 күндүк визасыз режимге уруксат берди. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мыйзамга 22-июлда кол койду.

Алар: Албания, Болгария, Вьетнам, Израил, Кипр, Түндүк Македония, Румыния, Таиланд, Мексика.

2012-жылы АКШ, Германия, Франция, Жапония сыяктуу дүйнөнүн өнүккөн 44 өлкөсүнүн жарандарына Кыргызстанга визасыз келүүгө уруксат берген мыйзам кабыл алынган. Бул мамлекеттердин жарандары виза албастан Кыргызстандын аймагында 60 күн жүрө алышат.

Дагы караңыз

Швециядагы журтташтардын өтүнүчү Европада мекендешим үчүн уялдым...Жапаров инвесторлорду чакырды, журтташтарга жолуктуКыргызстанда паспорт кризиси жаралдыАКШ Кыргызстан баштаган 13 мамлекетке кайрадан виза бере баштайт