Токио: Олимп айылынан коронавирус аныкталды

18-июлда Токидогу Олимп оюндарынын уюштуруучулары дагы он адамдан коронавирус аныкталганын маалымдашты. Маалыматка караганда, алар негизинен уюштуруу жана башка иштер менен алектенгендер. 17-июлда үч спортчудан коронавирус табылган, алардын экөө Олимп айылында жашайт. Экөө тең айылдан чыгарылып, обочолонгон. Булардан тышкары дагы бир журналисттен жана оюнду уюштурууга катышкан алты кишиден вирус аныкталган.

Июль айынын башынан бери Олимп оюндарына катыша турган 55 адамдан коронавирус табылган.

Жапон элинин бир бөлүгү Токиодо Олимп оюндарын өткөрүүгө каршылыгын билдирип жатышат. Буга байланыштуу петицияны 450 миң жаран колдогон.
Токиодо Олимп оюндары былтыр, 2020-жылы өтүшү керек эле. Пандемиядан улам быйылкыга жылдырылган.

Мелдештердин ачылышы 23-июлда болот. Ага көрүүчүлөр киргизилбейт.

Дагы караңыз

Акыйкатчы эмдөөнү мажбурлоосуз жүргүзүүгө чакырдыКатарда расмий Кабул менен талибдердин сүйлөшүүсү уландыОлимпиадага жол: стереотипти талкалаган Каныкей Германия: суу ташкыны 130дан ашык кишинин өмүрүн алды COVID: эмдөө шартына нааразылык чыкты Мамлекет “Мегакомду” жакшы баага саткысы келетТажикстан: бычак жеп каза болгон келиндин жакындары ИИМге кайрылышты"Алтын пальма бутагын" "Титан" тасмасы утуп алды