Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Акыйкатчы эмдөөнү мажбурлоосуз жүргүзүүгө чакырды


Коронавируска каршы эмдөөгө кезек күткөндөр. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.
Коронавируска каршы эмдөөгө кезек күткөндөр. Бишкек. Июнь, 2021-жыл.

Акыйкатчы мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жетекчилерин коронавируска каршы эмдөөнү мажбурлоо же коркутуу менен жүргүзүүдөн алыс болууга чакырды. Омбудсмен институту тараткан маалыматка караганда, вакцинаны милдеттүү түрдө алууга мажбурлап жатышканы тууралуу арыз-дооматтар укук коргоо уюмунун "115" шыр байланыш кызматына келип түшүүдө. Кайрылгандардын көпчүлүгү жетекчилик эмделбегендерди иштен кетирүү же айлык акысын азайтуу менен коркутуп жатканын билдиришкен.

Акыйкатчы институту учурда кайрылуулар иликтенип жатканын маалымдап, эгер мажбурлоо фактылары аныкталса, андай жетекчилер мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

Ошол эле учурда, вакцина алуу - адамдардын коопсуздугу үчүн жалпы дүйнөнүн бирдиктүү саясаты, максаты жана элдин саламаттыгына кам көрүү экенин белгилеген.

"Ар бир адам өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын ден соолугунун коопсуздугун, ошондой эле айланасындагы адамдардын бул коркунучтуу илдетти жуктуруп алуу коркунучун ойлоп, илдетке каршы вакцина алуусу - туура кадам. Бирок жарандар эмдөөдөн мажбурланып эмес, оз ыктыяры менен өтүүсү үчүн үгүт иштерин жүргүзүү, такталган расмий маалыматтарды жайылтуу жана маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо жагын уюштуруу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине сунушталат" деп жазылган билдирүүдө.

Акыйкатчы эмдөө процесси мажбурлоо мүнөзүндө болуп жатса, ага укук коргоо органдары тиешелүү баа берүүсү зарыл деп эсептейт.

Коронавируска каршы эмдөөдөн милдеттүү түрдө өтүүгө мажбурлоо болуп жатканы тууралуу нааразылыктар соцтармактарда да жазылууда.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 29-марттан тарта башталган. Бул аралыкта 202 302 адам вакцинанын 1-дозасын, ал эми 100 миңге чукул адам 2-дозасын алышты. Эмдөөлөр негизинен Sinopharm жана Sputnik-V вакциналары менен жүрүүдө. Акыркы убактарда өз каалоосу менен вакцина алууну көздөгөн элдин саны өсүп, медициналык мекемелерде кезек күткөндөр көбөйгөн. Буга байланыштуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жергиликтүү бийлик менен чогуу эл көп чогулган жерлерде - соода борборлорунда, парктарда да атайын эмдөө түйүндөрүн ачууда.

Дүйнөлүк саламаттык уюму коронавирустун жайылышын токтотуу үчүн эмдөө зарылдыгын эскертип келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG