Катарда расмий Кабул менен талибдердин сүйлөшүүсү уланды

Ооган коопсуздук күчтөрү. Кабул.

Ооганстандын Tolo news агенттигинин ишембидеги маалыматы боюнча, ооган өкмөтүнүн өкүлү Абдулла Абдулла жана "Талибан" кыймылынын Абдел ганы Барадар баштаган делегацияларынын жолугушуусу Дохада башталды.
Сүйлөшүү учурунда талибдердин өкүлү Ооганстан бардык ооганстандыктардын мекени экенин белгиледи. Барадар өнүгүү үчүн борбордук, көз карандысыз ислам системасы зарылдыгын айтты.

Ал эми Абдулла Абдулла Ооганстанга тынчтык орнотуу үчүн согушту токтотууга чакырды.

"Азыр ооган эли оор заманда жашап жатат. Согушта өлүп жаткандар да биздин жарандар. Биз бардык күчүбүздү согушту токтотууга жана саясатты жөндөп, элдин келечегин пландоого жумшообуз керек", - деди Абдулла.

Расмий Кабул менен «Талибандын» сүйлөшүүсү былтыр, 12-сентябрда Дохада башталган. Андан азырынча майнап чыга элек. Бир нече күн мурун расмий Тегеран ооган саясатчыларын жана талибдерди бир үстөлгө отургузуп, арачылык кылууга аракеттенген.

Талибдер АКШ баштаган эл аралык коалициянын күчтөрү май айынын башында Ооганстандан чыгып кете баштагандан кийин чабуулдарын күчөткөн. Алар июнь айынын башынан бери Ооганстандын түндүгүндөгү, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен бир топ аймактарга көзөмөлүн орнотту. Жоочулар памирлик кыргыздар байырлаган Ооганстандын Бадахшан провинциясынын бир катар аймактарын да ээлеп алды. Айрым маалыматтар боюнча, учурда “Талибан” Ооганстандын үчтөн бир бөлүгүн көзөмөлдөп турат.

Дагы караңыз

Олимпиадага жол: стереотипти талкалаган Каныкей Германия: суу ташкыны 130дан ашык кишинин өмүрүн алды COVID: эмдөө шартына нааразылык чыкты Мамлекет “Мегакомду” жакшы баага саткысы келетАкыйкатчы эмдөөнү мажбурлоосуз жүргүзүүгө чакырды