COVID-19: дагы он киши кайтыш болду, 1373 жаңы учур катталды

Иллюстрациялык сүрөт.


Коронавируска каршы штабдын 18-июлга карата берген маалыматы боюнча, 1373 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Басымдуу бөлүгү борбор калаада.

Бишкек - 832
Ош шаары - 45
Чүй облусу – 163
Ош облусу – 57
Талас облусу - 25
Нарын облусу - 23
Ысык-Көл облусу – 52
Жалал-Абад облусу – 57
Баткен облусу - 119.

Ал эми бир сутка ичинде 1103 адам сакайды.

Акыркы суткада коронавирус илдетинин кесепетинен 10 киши көз жумду. Алардын алтоо Бишкекте, экөө Ысык-Көлдө, Баткен жана Нарында бирден адам катталды.

Ушуну менен пандемия башталган былтыркы март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын саны 149029 адамга жетти. Оорудан жалпы 125 161киши сакайып кетти. Илдеттен жалпы 2 175 адам көз жумду.

Ушул тапта стационардык мекемелерде 4 725 адам дарыланууда. 15 753 киши медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө. Ооруканада жаткандардын ичинен 1473 адамдын абалы оор, 200 адамдын абалы өтө оор деп бааланууда.(ZKo)

Дагы караңыз

Аксыда сел агызып кеткен беш жашар баланын сөөгү табылды Кыргызстанга Азербайжандан вакцина келдиАкыркы суткада 26 010 адам коронавируска каршы эмделдиКамчыбек Ташиев туугандары менен каржылаган мечитти ачтыБорбор Азия "Талибан" менен сүйлөшүүгө аргасызбы? Балкаш көлү Арал деңизинин тагдырын кайталайбы?АКШ президенти эмдөөгө каршы маанай күчөгөнүнө соцтармактарды айыптады