Ооганстанга 850 миллион долларлык жардам керек

Рамиз Алакбаров

Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстан боюнча координатору Рамиз Алакбаров талибдердин чабуулуна туш болгон өлкөгө 850 миллион доллар бөлүү өтүнүчү менен кайрылды. Ал 15-июлда Нью-Йоркто журналисттерге сүйлөп жатып, учурда Ооганстандын 38 миллион калкынын 18 миллиону тезинен жардамга муктаж экенин билдирди.

Учурда БУУ 15,5 миллион адамга гана жардам көрсөтүүнү пландап жатат. Алакбаров бул жардам абдан зарыл экенин белгиледи. Анын айтымында, талибдердин соккуларынан сырткары кургакчылык, коңшу Ирандан 100 миңдеген оогандыктардын депортацияланышы, коронавирустун жайылышы абалды дагы татаалдаштырып жатат. Ооганстанда соңку 2,5 айда вирустун кесепетинен каза болгондор эки эсе көбөйгөн. Бул өлкөдө акыркы үч жылда экинчи жолу кайталанган кургакчылык жана “Талибандын” соккуларынан улам 270 миңден ашык адам үйүн таштап кетүүгө аргасыз болду.

Ушул жылдын май айынан тарта АКШ баш болгон коалициялык күчтөр аскерлерин Ооганстандан чыгарып жатат. Соңку апталарда талибдер өлкөдөгү аймактардын үчтөн экисин басып алганы кабарланды. Мындай кырдаалдан улам коалициялык күчтөр ооган жергесинен толугу менен чыгарылган соң Батыш колдогон Ооганстандын учурдагы өкмөтү кулап калбайбы деген коркунучтар айтылууда.

Дагы караңыз

Антикоррупциялык кеңеш: ишкерлердин үмүтү жана күдүгү Беларус: журналисттердин үйү тинтилип, айрымдары кармалдыСулайман Кайыпов: Кыргыздар Вахан коридорунан көчпөшү керекКыргызстан кытай вакцинасын чыгарууну караштырып жататБашкаларда кадыр бар, а бизде кадыр жокпу?