Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетине Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда селден каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарда жардам берүүнү, табыгый кырсыктын кесепетин чукул арада жоюуну тапшырды. Ал кырсыкта мерт болгондордун жакындарына көңүл айтты.
Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагындагы селде алты киши каза болду. Дагы эки адам изделип жатат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 12-июлда кечинде кыска мөөнөттүү жаандан улам кокту-колоттон сел түшүп, сегиз кишини агызып кеткен. Арасында эки бала да бар. Түндө эки эркектин жана төрт аялдын сөөгү табылган. Алардын тек-жайы такталып жатат. Маалыматка караганда, көз жумгандардын алтоо бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон.
Дагы караңыз
Шайлоо мыйзамы: талапкерлерден мүлкү тууралуу маалымат алуу сунушу берилдиCOVID-19: Дагы он адам көз жумду, 1292 бейтап жаңы катталдыИчки дүң өнүмдүн көлөмү алты айда былтыркыга караганда 1,7% төмөндөдүОрхан Инандыга айып тагылганы кабарланды