Алты айда бюджеттин кирешеси 80 миллиард сомдон ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул жылдын январь-июнь айларына карата алдын-ала маалыматтарга ылайык, республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 80 миллиард 767 миллион сомду түздү.

Экономика жана финансы министрлиги 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу киреше 28 миллиард 296,6 миллион сомго көбөйгөнүн маалымдады.

Алты айда бюджеттен сарпталган чыгымдардын көлөмү 80 миллиард 191,7 миллион сом болду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 10 миллиард 45,9 миллион сомго көп.

2021-жылы республикалык бюджеттин кирешеси 172 миллиард 891 миллион сом, ал эми чыгашасы 181 миллиард 354 миллион сом болот деп белгиленген. Тартыштык 8 миллиард 463 миллион сом. (BTo)

Дагы караңыз

Шайлоо мыйзамы: талапкерлерден мүлкү тууралуу маалымат алуу сунушу берилдиCOVID-19: Дагы он адам көз жумду, 1292 бейтап жаңы катталдыИчки дүң өнүмдүн көлөмү алты айда былтыркыга караганда 1,7% төмөндөдүОрхан Инандыга айып тагылганы кабарландыАксы: сел бир үйдөн алты өмүрдү алды