Оппозициячыл саясатчы Илья Яшин муниципалдык кызматын тапшырат

Илья Яшин

Москвадагы Красносельский райондук муниципалитетинин башчысы, оппозициячыл саясатчы Илья Яшин кызматтан кетерин жарыялады. Ал мындай кадамга муниципалитеттин ишине прокуратура басым жасап, бут тосуп жатканы үчүн барганын фейсбукка жазды. Саясатчы оппозициячыл позициясынан улам прокуратура "саясий буйрукту" аткарып жатканын билдирди.

"Прокуратура бухгалтерия жана аппаратты тынымсыз текшерип, ишке тоскоол болууда. Биздин кызматкерлер жумушчу күндүн басымдуу бөлүгүн укук коргоо органдарынын каттарына жооп берүүгө жумшап калды", - деп билдирди Яшин. Ал бул кызматты 2017-жылдан бери аркалап келе жаткан.

Саясатчы коомдук башталгычтагы муниципалдык депутат бойдон кала берерин маалымдады.

Эми Красносельский районунун муниципалитетинин башчысы 27-июлда шайланат. Яшин бул кызматка муниципалдык депутат Елена Котеночкинканын талапкерлигин көрсөтүп жатканын билдирди.

38 жаштагы Илья Яшин оппозициячыл саясатчылардын бири. Буга чейин аны Москва шаардык думасына талапкер катары каттоодон баш тартылган. Яшин абактагы саясатчы Алексей Навальныйды колдогону үчүн “экстремисттик ишмердик жүргүзгөн адам менен байланышта болгон” деген негизде шайлоодон четтетилген.

Дагы караңыз

Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалдыЖАМК: Чыңгыз Жумагулов абактан чыктыСOVID-19: Токиодо коронавирустан улам чектөө киргизилетCадыр Жапаров атуулдук алууну жеңилдеткен жарлыкка кол койдуМолдова: Сандунун партиясы добуштардын 50% ашыгын добуш алды