Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:53

Молдова: Сандунун партиясы добуштардын 50% ашыгын добуш алды


Молдованын желеги
Молдованын желеги

Молдованын президенти Майя Сандунун партиясы жекшембиде өткөн парламенттик шайлоодо алдыга чыкты.

Добуштардын 99, 91 пайызы эсептелип бүткөн соң молдован президентинин оңчул-центристтик “Аракет жана тилектештик” партиясын шайлоочулардын 53 пайызга жакыны колдогону белгилүү болду. Бул партиянын башкы атаандашы - орусиячыл Коммунисттер жана социалисттердин блогу 27 пайыз добуш алды. Мындай жол менен “Аракет жана тилектештик” партиясы 101 депутаттан турган өлкө парламентинде көпчүлүктү ээлей турган болду. Бул Европадагы эң жарды өлкөлөрдүн бири саналган Молдованы Орусиянын таасиринен алыстатып, Евробиримдик менен интеграциясына өбөлгө болот деп күтүлүүдө.

Майя Санду "Фейсбуктагы" баракчасына “ Бүгүн Молдовадагы уурулар башкарган заман аягына келип жетти деп үмүттөнөм”,-деп жазды.

Абакка кесилген ишкер Илан Шордун партиясы 5,7 пайыз добуш алып парламентке өттү. Шор буга чейин алдамчылык жана акча адалдоого айыпталып, соттолгон.

Шайлоо комиссиясы жалпы шайлоочулардын 48% ашыгы добуш берүүгө катышканын жарыялады. Молдовада 3,2 миллиондой шайлоочу катталган. Алардын ичинен чет өлкөлөрдө иштеп жаткан молдовандар көп.

Былтыр ноябрдагы президенттик шайлоодо Майя Санду жеңип чыгып, кызматка киришкен. Дүйнөлүк банктын мурдагы экономисти Санду Батыш өлкөлөрү менен жакын мамиле курууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG