Cадыр Жапаров атуулдук алууну жеңилдеткен жарлыкка кол койду

Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жарандыгын алуу тартибин жөнөкөйлөтүү тууралуу жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымат жарыяланды.

Жарлыкка ылайык, чет өлкөдөн же СССРдин учурунда алган паспортунун, кайрылман күбөлүгүнүн колдонуу мөөнөтү бүтүп калгандар, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, жоголуп кеткен же жарактан чыккандар, 18 жашка чыгып, бирок ар кандай себептерден улам Кыргызстандын жарандыгын ала электер, Кыргызстанда төрөлүп, ата-энеси жарандык алганга чейин эрезеге жеткендерге Кыргызстандын жарандыгы жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте берилет.

Тышкы иштер министрлигине караштуу Тышкы миграция департаментинин маалыматына караганда, өлкөдө беш миңдей этникалык кыргыздар ким экенин аныктаган документи жок жүрөт. Ушундан улам алар укуктук макамга ээ боло албай, медициналык тейлөө, социалдык жеңилдиктерден кыйналып келишет. (BCh)

Дагы караңыз

Нурипа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешке баш катчы болдуМолдова: Сандунун партиясы добуштардын 50% ашыгын добуш алдыЭкинчи аял алып, той берген кишиге козголгон кылмыш иши кыскардыКытай чек арадан автоунааларды өткөрүү боюнча Кыргызстанга талап койду