23-июлда жайкы Олимп оюндары баштала турган Жапониянын Токио шаарында коронавирус жайылганына байланыштуу 12-июлдан тарта карантин киргизилет. Олимпиаданын уюштуруучулары өткөн аптада спорттук мелдеш өтчү жайларга барууга тыюу салган. Чет өлкөлүк күйөрмандар да оюндарды көрө алышпайт.
Жапониянын Министрлер кабинетинин баш катчысы Кацунобу Като аларды спортчуларды онлайн колдоого чакырды.
«Спортчуларды үйдөн отуруп колдоп, сүрөөгө чакырабыз»,-деп билдирген.
Олимп оюндары 8-августка чейин болот. Ал эми СOVID-19га байланыштуу өзгөчө кырдаал 22-августка чейин уланмакчы.
Австралиядагы ири шаар Сиднейде да чектөөлөр киргизилгени турат. Өлкөнүн расмийлери вирустун “дельта” варианты жайылышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.
АКШда болсо коронавируска каршы вакцина өндүргөн Pfizer компаниясынын өкүлдөрү өлкөнүн Саламаттык сактоо тармагынын жетекчилери менен 12-июлда жолугат. Буга чейин компания вакцинанын үчүнчү дозасын өндүрүү демилгесин көтөргөн.
Дагы караңыз
Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалдыНурипа Муканова Антикоррупциялык ишкердик кеңешке баш катчы болдуМолдова: Сандунун партиясы добуштардын 50% ашыгын добуш алдыЭкинчи аял алып, той берген кишиге козголгон кылмыш иши кыскардыКытай чек арадан автоунааларды өткөрүү боюнча Кыргызстанга талап койду