Орусия Ысык-Көлдө сабалган баланын абалынан кабардар экенин билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын тышкы иштер министрлиги Твиттердеги расмий баракчасына Ысык-Көлдө спорттук машыгуу учурунда сабалган тогуз жаштагы баланын абалын байкоого алганын жазды.

"Орус улутундагы баланы Ысык-Көлдөгү спорттук машыгуу учурунда сабаган окуяны жакындан байкоого алдык. Буга чейин окуяны Министрлер кабинетинин жетекчиси Улукбек Марипов өз көзөмөлүнө алып, Балдардын укугу боюнча жооптуу өкүл Жыпар Рысбековага тапшырган", - деп жазылат билдирүүдө.

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, тогуз жаштагы бала Ысык-Көл облусундагы дзюдо боюнча секциянын машыгуулары учурунда сабалган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен анын ден соолугуна жеңил зыян келтирилгени аныкталган.

Буга чейин Балдардын укугун коргоо лигасынын жетечиси Назгүл Турдубекова Ысык-Көл облусундагы дзюдо секциясынын машыгуусуна барган бала сабалганын жарыялаган. (BCh)

Дагы караңыз

Партиялар кайра шайлоого 44 миллион сом сарптадыCOVID-9: президент калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырдыЭкинчи аял алып, той берген кишиге козголгон кылмыш иши кыскардыКоронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды