Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:19

COVID-9: президент калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу жана калктын коронавируска каршы иммунитетин иштеп чыгуу максатында Республикалык ыкчам штабга калкты эмдөөнү тездетүүнү тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президенттин администрациясынын, Министрлер кабинетинин жана облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилерине өз кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча тапшырма берилди.

Мындан сырткары Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги медициналык жана социалдык кызматкерлерди, ал эми Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү чөйрөсүндөгү кызматкерлерди толук эмдөөдөн өткөрүүнү камсыз кылышы керек.

Бардык конфессиялардын диний кызматкерлерине, коомдук тамактануучу жайлардын, соода, тейлөө, транспорт, банк кызматкерлерине жана башка адамдар массалык түрдө топтолчу ишканалардын кызматкерлерине вакциналарды алуу сунушталат.

Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө үчүн 847 пункт ачылды. Алардын 599у медициналык мекемелерде, 100ү мектеп, окуу жайлардын имараттарында, 12си чоң соода борборлорунда, 30у базарларда жана 12 мобилдик бригада иштейт. Вакцина акысыз, 18 жаштан өткөн бардык жарандар ала алышат.

11-июлда Кыргызстанга Кытайдан бир миллион 250 миң доза Sinopharm вакцинасы келди. Анын 150 миң дозасы гуманитардык жардам катары бекер берилип, калган вакцинаны бийлик бюджеттен бөлүнгөн акчага сатып алды.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөө өнөктүгүнө өлкө боюнча 130 миңге чукул адам катышты. (BTo)

XS
SM
MD
LG