Сузак районунда экинчи аял алып, той берген адамга козголгон кылмыш иши 29-июнда кыскартылганы белгилүү болду. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы ырастады.
Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жүрүшүндө той өткөргөн адамдын эки аялы эки башка даректе жашагандыктан, Жазык кодексинин «Эки жана андан көп аял алуу» беренесинде каралган кылмыштын курамы аныкталган эмес. Жыйынтыгында иш өндүрүштөн кыскартылган.
Июндун башында социалдык тармактарда Сузактын тургуну жубайы менен ажырашпай туруп, экинчи аялга үйлөнгөнү, тоюнда биринчи келинчеги жана балдары аларды куттуктаганы тартылган видео тараган.
Бул окуя коомчулукта талкуу, сын жаратып, милиция фактыны Жазык кодексинин “Эки жана андан көп аял алуу” беренеси менен каттаган.
Кыргызстанда көп аял алууга тыюу салынган. (BTo)
Дагы караңыз
Вирустан 11 киши каза болду, 19 миңге чукул адам ооруп жататИИМ: Шайлоо мыйзамдарын бузуу боюнча 67 маалымат түштүИнанды иши: Түркияга ким көмөктөшкөн?Грузияда активисттер өкмөттүн отставкасын талап кылыштыМолдова: шайлоодо президентти колдогон партия алдыга чыктыИталия футболдон Европа чемпиону болду