Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Молдова: шайлоодо президентти колдогон партия алдыга чыкты


Майя Санду.
Майя Санду.

Молдовада жекшембиде мөөнөтүнөн мурда өткөрүлгөн парламенттик шайлоодо 20 партиянын үчөө жеңишке жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясы 11-июлдун түнү тараткан маалыматка ылайык, президент Майя Сандуну колдогон “Аракет жана тилектештик партиясы” добуштардын 47% алды.

Мурунку президенттер Владимир Воронин жана Игорь Додон баштаган коммунисттер менен социалисттердин блогу 31% добушка ээ болду.

Ишкер Илан Шордун улуттук-консервативдик “Шор” партиясы алган добуштар 6,65% түздү.

Боршайком шайлоо мыйзам бузууларсыз өткөнүн, ага жарандардын 48% көбүрөөгү катышканын билдирди.

Молдовада батышчыл жана орусиячыл күчтөрдүн тирешинен улам саясий кризис жаралып, мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо дайындалган. Президент Майя Санду Европа биримдигине ыктайт.

XS
SM
MD
LG