БШКнын сайтына 130 киберчабуул болду

Борбордук шайлоо комиссиянын (БШК) сайтына 130 кибер чабуул аракети болду. Бул тууралуу БШКнын төрайыма 11-июлдагы шаардык кеңештерге шайлоонун жыйынтыгы тууралуу маалымат бергенде айтты:

-Киберчабуулдар он мамлекеттен жасалды. Коопсуздук системасы аркылуу бул чабуулдар ийгиликтүү жоюлду, - деди Шайлдабекова.

БШКнын сайты Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы аркылуу иштелип чыккан. Ошондой эле сайтты өнүктүрүүгө ондон ашуун эл аралык уюмдар өнөктөштүк колдоо көрсөткөн.

11-июлда Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине кайра шайлоо өттү. Катышуунун көрсөткүчү 30% ашты. (SE)

Дагы караңыз

Шайлоого катышуудагы эң төмөн көрсөткүч Бишкекте болдуТокмоктогу шайлоодо "Бирге-Вместе" партиясы алдыга чыктыБишкектеги шайлоодо "Эмгек" партиясы алдыдаОш: "Ата Журт-Кыргызстан" партиясы алдыда келе жатат"Манас" аба майданы: машина токтогон жайда акысыз 15 мүнөт жоюлат