"Манас" эл аралык аба майданы анын алдындагы машина токтоочу жай 20-июлдан тартып толугу менен акы алууга өтөөрү тууралуу түшүндүрмө берди. Анда бул жай аутсорсингге берилгени, келишимге ылайык бааны аутсорсинг компаниясы гана аныктары айтылат.
“Ижарага алган компаниянын маалыматына ылайык, учурда тарифтер: саатына 60 сом, алгачкы 15 мүнөт бекер жана суткасына 360 сомду түзөт. Ал эми 20-июлдан тартып акысыз 15 мүнөт алынат", - деп жазылган маалыматта.
"Манас" аэропорту жолдун аркы бетинде машина токтото турган акысыз жай бар экенин, андан сырткары өздөрүнө караштуу акы төлөнчү аймакка машинелерди койсо болорун билдирди. Бул жайда саатына 40, ал эми суткасына 200 сом алынат.