Бишкек шаардык кеңешине ат салышкан партиялардын арасынан "Эмгек" партиясы алдыга чыкты. Бул Борбордук шайлоо комиссиясынан сайтындагы саат 21:00гө карата маалымат.
Автоматтык эсепте добуштардын 18% ашууну "Эмгек" партиясына ыйгарылды.
-"Ата-Журт - Кыргызстан" - 14,07%,
-"Ишеним" - 12,42%,
-"Ынтымак" - 10,78%
-"Өнүгүү-Прогресс" - 8,14%,
-Социал-демократтар - 8,13%.
Башка партиялардын көрсөткүчү азырынча 7% төмөн. Шайлоодо утуп чыгуу үчүн партиялардын топтогон добушу 7% чектен ашууга тийиш.
Шаардык кеңеште 45 мандат бар. Ага 18 партия ат салышты.
Бишкекте 427 миңдей шайлоочу катталган. 11-июлдагы шайлоодо саат 18:00гө карата алардын 20% көбүрөөгү катышты. Андан кийин эсеп жаңыртыла элек.
Саясий өнөктүк добуш сатып алуу өңдүү мыйзам бузуулар менен коштолуп, милицияга бир катар арыз түштү.
11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган жана 11-июлга кайра шайлоо дайындалган. (SE)
Дагы караңыз
Кайра шайлоо: добуш берүү аяктадыКайра шайлоо: үч шаарда 155 миңден ашык адам добуш берди "Манас" аба майданы: машина токтогон жайда акысыз 15 мүнөт жоюлат