Кайра шайлоо: үч шаарда 155 миңден ашык адам добуш берди

Токмокто кечки саат 6га чейин шайлоочулардын 35% ашыгы добуш берди.

Борбордук шайлоо комиссиясы үч шаардагы кайра шайлоого кечки саат 6га чейин 155 707 адам (25,22%) катышканын билдирди.

Алдын ала эсепке ылайык, Бишкекте 85 411 (20.02%), Ошто 56 610 (37,07%), ал эми Токмокто 13 686 ( 35,27%) шайлоочу келди.

Үч шаардагы кайра шайлоого 26 партиядан 2200дөн көп талапкер катышып жатат.

11-апрелде Кыргызстандагы 28 шаардык, 420 айылдык кеңешке шайлоо өткөн. Добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Дагы караңыз

"Манас" аба майданы: машина токтогон жайда акысыз 15 мүнөт жоюлат Якутиянын токойлорун өрт каптады"Үгүтү аз, чуусу көп шайлоо болду"Британиялык миллиардер Ричард Брэнсон космоско учатӨзбекстан: мектептерде хижаб кийүүгө уруксат берилбейт