ӨКМ: эки жол кырсыгынан төрт киши мүрт кетти

Кыргызстандагы жол кырсыктарынын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Алай районунда Ош - Сары-Таш - Эркечтам автожолунда (Кара-Булак айылы) "Лексус-570" жана "Тойота королла" үлгүсүндөгү машиналар кагышып, эки адам мүрт кетти. Дагы үч киши жаракат алды.

Ал эми Бишкек - Ош автожолунун 373-чакырымында (Капчыгай тилкеси) "Хонда Одиссей" менен "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү автоунаалар кагышып, эки адам каза болгонун ӨКМ кабарлады. Бул кырсыктан алты киши жараат алды.

2021-жылдын алгачкы беш айында Кыргызстанда 2 768 жол кырсыгы катталып, 233 киши каза болду. 4000ден ашык адам жаракат алды. Бул сандар былтыркы жылдын беш айына салыштырмалуу дээрлик 50% көп.

2020-жылы өлкөдө алты миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 адам өлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК: добуш сатып алып жаткан “Эмгек” партиясынын өкүлү кармалдыИИМ: Бишкекте добуш сатып алуу фактылары териштирилип жататОш: Добуш сатып алууга шектелген талапкер шайлоо ыплас өтүп жатканын айттыОшто шайлоочу бюллетенди тытып салдыПрокуратура: "Унаа" ишканасында коррупциялык иштер аныкталдыТүркиялыктарга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча бир адам кармалды Сарыбашов: Шайлоодон кийин мэр болуп келүү ниетим бар