Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 12-июлда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ош облусунун кээ бир райондорунда нөшөрлөп жамгыр жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Ош, Баткен, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 28…33;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Бийик тоолоруу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 5…10 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 19…21°, күндүз 32…34° ысык болот.
Дагы караңыз
Ошто шайлоочу бюллетенди тытып салдыУКМК: добуш сатып алып жаткан “Эмгек” партиясынын өкүлү кармалдыОш: Добуш сатып алууга шектелген талапкер шайлоо ыплас өтүп жатканын айттыҮч шаардагы кайра шайлоо: саат 12ге чейин 77 миңдей адам добуш берди Прокуратура: "Унаа" ишканасында коррупциялык иштер аныкталдыТүркиялыктарга кыргыз жарандыгын мыйзамсыз берүү фактысы боюнча бир адам кармалды Сарыбашов: Шайлоодон кийин мэр болуп келүү ниетим бар