Улуттук коопсуздук кызматы (УКМК) 10-июлда добуш сатып алууга аракет кылган деген айып менен “Эмгек” партиясынын “К.Е.А” аттуу өкүлү кармалганын билдирди. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренеси (добуш сатып алуу) менен катталып, тергеп-иликтөө башталды.
“Кармалган "К.Э.А." "Эмгек" партиясынын «Р.у.Т.» аттуу талапкеринин көрсөтмөсүнө ылайык, МТУ-2де шайлоочуларга 1000 сомдон таратып жаткан. Тинтүү учурунда анын жанынан 10 миң сом жана шайлоочулардын акча алганы тууралуу белгиси коюлган тизме табылган”, - деп айтылат маалыматта.
"Эмгек" партиясы буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.
Буга чейин Ош шаарында добуш сатып алууга шек саналып эки талапкер жана партия өкүлдөрү кармалган.
Бүгүн, 11-июлда Бишкек, Ош жана Токмокто кайра шайлоо өтүп жатат. Аталган шаарларда 11-апрелдеги шайлоонун жыйынтыгы добуш сатып алуу жана административдик ресурс колдонуу фактыларынан улам жокко чыгарылган.
Дагы караңыз
Ош: Добуш сатып алууга шектелген талапкер шайлоо ыплас өтүп жатканын айттыҮч шаардагы кайра шайлоо: саат 12ге чейин 77 миңдей адам добуш берди Прокуратура: "Унаа" ишканасында коррупциялык иштер аныкталдыЧек ара чатагы дагы бир жоокердин өмүрүн алдыОшто шайлоочу бюллетенди тытып салды