Тажикстан ЖККУдан жардам сурады

Тажик-ооган чек арасы. Тажикстандын аскерлери.

Тажикстан Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) Ооганстан менен чек арасындагы коопсуздукту сактоого көмөктөшүүнү суранды. «Талибан» кыймылы Ооганстандын бир катар аймактарын,  Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондорун ээлеп калган.

Мындан улам жүздөгөн ооган аскерлери Тажикстанга кире качышкан. 7-июлда жасаган кайрылуусунда расмий Дүйшөмбү чек арадагы кырдаалды өз алдынча турукташтыруу кыйын экенин билдирди. Тажикстандын ЖККУдагы өкүлү Хасан Султанов өнөктөш мамлекеттерди 2013-жылдагы резолюциянын алкагында тажик-ооган чек арасын бекемдөөгө жардам берүүгө чакырды.

Ал ошондой эле соңку эки аптада талибдердин чабуулдары күч алганына байланыштуу, ооган өкмөтүнүн бир жарым миңдей аскери Тажикстандын аймагына кире качканын белгиледи. Орусия башында турган Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет.

Тажик тараптын кайрылуусунан мурда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва өнөктөш мамлекетке өз колдоосун көрсөтөрүн айткан.

Сергей Лавров.

"Ооганстандагы кырдаалга дыкат көз салып жатканыбызды билесиңер. Ал жакта кырдаал кескин начарлап кетүү тенденциясында турат. Буга Американын жана НАТОнун аскерлеринин шашылыш чыгарылышы дагы түрткү болууда. Өнөктөш мамлекетке агрессивдүү аракеттердин жасалышына жол бербөө үчүн биз колубуздан келгендин баарын жасайбыз, анын ичинде тажик-ооган чек арасына жакын жайгашкан орус аскердик базасынын да мүмкүнчүлүктөрүн колдонобуз".

Тажикстандын аймагында Орусиянын 201-аскердик базасы бар. «Интерфакс» белгилегендей, бул - Орусиянын чет жактагы эң ири аскердик объектиси.

Дагы караңыз Борбор Азияны сестенткен "Талибан" таасири

АКШ башында турган эл аралык коалиция Ооганстандан өз аскерлерин чыгарып кетип жаткан маалда «Талибан» кыймылы өз чабуулдарын күчөттү. Коалиция аскерлеринин баарын сентябрдын орто ченине чейин чыгарып кетүүнү көздөп жатат. Тажик бийлиги билдиргендей, учурда Ооганстан менен чек аранын үчтөн эки бөлүгү жоочулардын көзөмөлүндө.

Тажик-ооган чек арасынын жалпы узундугу 1350 чакырымды түзөт. Дүйшөмбү ошондой эле согуштук аракеттерден улам ооган бозгундарынын кошуна мамлекеттерге агылышы күтүлүп жатканын билдирди.

Коопсуздук кеңешинин 5-июлдагы жыйынынан кийин тажик президенти Эмомали Рахмон запастагы 20 миңдей аскерди тажик-ооган чек арасына тартууну буйруган.

Ал Ооганстандагы кырдаалды Орусиянын президенти Владимир Путин жана Казакстан, Өзбекстандын башчылары менен талкуулады. Ал эми 4-июлда Рахмон чек арадагы «тынчсыздандырган» кырдаал тууралуу ооган жетекчиси Ашраф Гани менен сүйлөшкөнүн тажик маалымат каражаттары жазышты.

Талибдер менен өкмөттүк күчтөрдүн кармашы уланууда

Ооганстандын өзүндө өкмөттүк күчтөр менен талибдердин салгылашуусу уланууда. Жоочулар бир катар аймактарды, анын ичинде Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш райондорду ээлеп алууга үлгүрүштү. Бийлик калкты тынчтандырып, аймактар кайтарыларын ырастап жатат.

"Ооган коопсуздук күчтөрү, полиция жана жалпы бийлик Ооганстандын жарандарын жана мамлекетти кандай гана кырдаал болбосун коргой аларына ишендиргим келет", деди ооган улуттук коопсуздук күчтөрүнүн маалымат катчысы Ажмал Шинвари.

Дагы караңыз Ооган армиясы талибдер басып алган аймактарды бошотууда

8-июлда ооган өкмөтү талибдер чабуул койгон Бадгис провинциясынын борбору Калайи-Нау шаарына кошумча жүздөгөн аскерлерди жөнөттү.

Маалыматка ылайык, Калайи-Наунун бир катар аймактарындагы аба чабуулдарынан 69 талиб жоочусу мерт болуп, 24 жаракат алды. Бул маалымат боюнча "Талибан" комментарий бере элек.

Азырынча талибдердин чабуулдарынын мизи кайтарылганбы же жокпу, толук белгисиз. Жергиликтүү тургундар аймакта куралдуу кармаш алигиче уланып жатканын айтышууда.

Бир күн мурда "Талибан" кыймылы Ооганстандын түндүк-батышындагы провинциянын борборуна чабуул койгону белгилүү болгон. Жоочулар өкмөттүк имараттарды, полиция бекеттерин ээлеп алганы кабарланган. Шаршембинин кечинде бийлик талибдердин ири соккусунун мизин кайтарышканын жарыялаган.

Бул "Талибан" кыймылынын америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кете баштагандан бери ооган провинциясынын борборун бутага алган биринчи чабуул болуп калды.