Түркмөн президенти туулган күнүндө "Аркадаг" деп аталган отель ачты

"Аркадаг" мейманканасы

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов 29-июнда Ашхабадда «Аркадаг» мейманканасын ачты. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын жазышынча, мейманкананы түркмөн бийлигинин тапшырыгы менен франциялык курулуш компаниясы курду. Отель Бердымухамедовдун «Аркадаг» деген расмий титулунун урматына аталган. Мейманкана түркмөн президенти 64 жашка толгон күнү ачылды.

“Азаттыктын” түркмөн кызматынын маалыматы боюнча, 14 кабаттуу конок жайы 400 миллион долларга курулган. Кымбат баалуу ак мармар менен шөкөттөлгөн мындай объект өлкө экономикалык кризиске туш болуп, азык-түлүккө баа кескин өскөн учурга туш келди

Авторитардык лидер катары таанылган Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстанды 14 жылдан бери башкарып келе жатат.

Дагы караңыз

Акча талап кылууга шектелген журналист акталдыТүркияда коронавируска каршы вакцинанын үчүнчү дозасы сайыла баштадыКечиккен вакцина бийликке сынды күчөттүШинжаңдагы саясатка каршы чыккандар кармалдыПарламент депутаттарга 200-300 миңден өргүү акысы берилгенин төгүндөдүCOVID-19: жаңы штамм дүйнөнү сестентти