Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) Маалыматтык кеңеш берүү борбору мигранттар үчүн www.migrant.kg сайтын ишке киргизди.
Маалыматка ылайык, бул сайт мигранттарга онлайн режиминде Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салынган адамдардын тизмесинен ("кара тизме") өзүн текшерүүгө, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктери жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет. Миграция маселесине байланышкан бардык кеп-кеңештер да жайгашкан.
Мындан тышкары, сайтта “Жүк 200дү” Кыргызстанга жеткирүү ага кеткен чыгымдар үчүн бир жолку төлөмдү кантип алуу керектиги жөнүндө бардык маалыматтар бар.
Бул USAIDдин “Борбордук Азиядагы коопсуз миграция” долбоорунун колдоосу менен ишке ашкан. Порталдын бет ачары Бишкекте 2-июлда болот.
Расмий маалыматтарга караганда, ушу тапта Орусияда жашап-иштеп жүргөн кыргызстандыктардын саны 700 миңден ашуун. Бейрасмий маалымат боюнча мигранттардын саны 1 миллиондон ашат. (MiK)
Дагы караңыз
Жалган маалымат мыйзам долбооруна каршы митинг башталдыБаткенди өнүктүрүү долбоорун иштеп чыгууга жумушчу топтор түзүлдүСоңку суткада коронавирус эки миңдей кишиден табылдыОшто мыйзамсыз курал сактоо боюнча эки факты аныкталдыПарламент БШКнын мүчөлүгүнө талапкерлерди карашы мүмкүнБишкекте “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” долбоорго каршы митинг өтөт