Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:45

Бишкекте “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” долбоорго каршы митинг өтөт


"Маалыматтарды манипуляциялоо" мыйзам долбооруна каршы митинг. Бишкек 29-июнь, 2020-жыл.
"Маалыматтарды манипуляциялоо" мыйзам долбооруна каршы митинг. Бишкек 29-июнь, 2020-жыл.

Бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңештин алдында жарандык коомдун өкүлдөрү, активисттер “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбооруна каршы митингге чыгат. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Рита Карасартова билдирди.

“Документтин атын алмаштырып койгону менен маңызы мурдагыдай эле. Былтыр да парламенттин сессияларынын акыркы күндөрүндө бул долбоорго каршы жаштар “мен фейк эмесмин” деген акцияга чыгышкан”.

Change.org платформасында документке каршы онлайн кол топтолуп жатат. Анда Жогорку Кеңештин депутаттарын мыйзам долбооруна каршы добуш берүүгө чакырык ташталды. Активисттер президентти парламент документти кабыл алса да, ага кол койбоого үндөп жатышат.

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 28-июнда “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын кабыл алган.

Документтин автору, депутат Гүлшат Асылбаева сунушталган жоболор интернетте өз атын жашырып, жалган маалымат тараткан "фейктерге" каршы багытталганын айтып келет.

“Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” долбоорду парламент былтыр экинчи жана үчүнчү окууда удаа карап, кабыл алган жана президенттин кароосуна жөнөткөн. Ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков ага кол койбой, макулдашылган вариантын иштеп чыгыш үчүн кайра Жогорку Кеңешке кайтарган.

Быйыл, 2-июнда парламентте документтин макулдашылган вариантын иштеп чыга турган топ түзүлгөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору "Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" деп өзгөртүлдү.

Өлкөдөгү сөз эркиндиги жана демократиялык баалуулуктарды чектейт деп сынга кабылган документ жарандык коом менен парламенттеги айрым депутаттардын катуу каршылыгына туш болгон. Бишкекте былтыр ага каршы бир нече митинг өткөн. (BTo)

XS
SM
MD
LG