Орусиянын президенти Владимир Путин орусиялык жарандарга жана юридикалык жактарга дүйнөнүн кайсы гана жагында болбосун, Орусия "ылайыксыз" же "ыңгайсыз" деп тапкан бейөкмөт уюмдардын ишмердигине аралашууга тыюу салган мыйзамга кол койду.
Документ укуктук маалыматтар порталына жарыяланды.
Мыйзам быйыл 1-октябрдан тарта белгилүү бир өлкөлөрдөн Орусияга жиберилчү акча которууларга да көзөмөл жүргүзүүнү карайт.
Андай өлкөлөрдүн тизмесин Росфинмониторинг мекемеси аныктап, көзөмөл тартиби тууралуу маалыматтар Орусиядагы бардык коммерциялык банктарга жөнөтүлөт.
Июнь айынын башында Мамдума Орусияда «ыңгайсыз» деп табылган эл аралык бейөкмөт уюмдарга финансалык кызмат көрсөтүү же алар үчүн каражат топтоо үчүн кылмыш жоопкерчилигин караган мыйзам долбоорун киргизген.
Бул үчүн мажбурлоо жолу менен 360 саат жумушка тартуу же төрт жылга чейин эркин жүрүүсүн чектөө же эки жылга эркинен ажыратуу сыяктуу жаза чараларын чегерүү каралган. Мындай иш-аракеттер кайталанса, анда 10 жылга чейин эркиндигин чектөөгө байланыштуу жаза бекитилген.
Дагы караңыз
Франция: Макрон менен Ле Пендин партиялары утулдуМыйзамсыз баюуга шектелген Абжалиев казынага 20 млн сом төктүСадыр Жапаров расмий сапар менен Тажикстанга бардыЖапаровдун Ашхабад сапары, түркмөн газы Москвада нөшөрлөгөн жаандан улам метролорду суу каптады Алтай менен Хакасияда милдеттүү түрдө эмдөө жүргүзүлөтЖК комитети жалган маалыматтан коргоо жөнүндө документти колдодуКоронавирустун "дельта" штаммынан улам дүйнөдө чектөөлөр кирдиЖапаровдун Түркмөнстанга сапары аяктап, Тажикстанга жөнөп кеттиӨКМ министри жардамга келген унду сатып, буудай алууну сунуштадыКыргызстан Түркмөнстандан газ, электр энергиясын алат"Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчиси алмаштыКоррупция менен кайсы орган күрөшөрү беймаалым