Кыргызстанда коррупцияга каршы эми кайсы орган, кантип күрөшөрү расмий маалымдала элек.
Өткөн аптада президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Антикоррупциялык кызматты жойгон жана бул паракорчулукту ооздуктоодогу чечкиндүү кадам деп сыпаттаган. Анткен менен коомчулукта буга байланыштуу суроо көп.
Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы кызмат жоюларын алгач өткөн аптада ишкерлер менен жолугушууда билдирген. Ал муну бизнести колдоо аракети деп негиздеген. Мындан көп өтпөй кызмат жоюлган жана президенттин басма сөз кызматы аны паракорчулукка каршы күрөштөгү чечкиндүү кадам катары сыпаттаган учкай билдирүү тараткан.
"Президент Садыр Жапаров экономикалык реформалардын алкагында фискалдык, сот жана укук коргоо органдарынын иши өркүндөтүлөт деп бир нече жолу айткан. Биринчи кезекте, мамлекеттин бизнеске кийлигишүүсү азайып, ишкерлерге жагымдуу чөйрө түзүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалат. УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын жоюлушу бул багыттагы чечкиндүү кадамдардын бири экени белгиленген. Ушул жарлыкты аткаруу максатында, Министрлер кабинетине жана УКМКга зарыл болгон уюштуруу чараларын көрүү тапшырылды",- деп жазылган билдирүүдө.
УКМК Антикоррупциялык кызмат жоюлганына байланыштуу эч кандай комментарий берилбесин маалымдады. Бул макала жазылып жаткан чакта президенттин аппараты менен Министрлер кабинетинен дагы кандайдыр бир комментарий алуу мүмкүн болгон жок.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Коррупцияга каршы күрөш кызматы айрыкча ишкерлердин үшүн алган органга айланып кеткенине токтолду.
"Октябрь окуяларынын кийин келген бийлик Кыргызстанда чоң өзгөрүүлөрдү, чоң реформаларды жасап, эл турмушун жакшыртып жиберген жок. Бирок ошол эле учурда "кустурабыз" деген ураан менен элди алаксытууга туура келди. Ошондой учурда АКС (Коррупцияга каршы күрөш кызматы - ред:.)эң чоң роль аткарды. Эл жек көргөн адамдардын көбүн камап, эл жаңы бийликти колдоп турду. Бирок анын кесепети абдан чоң болду. Көптөгөн ишкерлер акчаларын сыртка чыгарып кетти. Анын ичинде мен тааныган депутаттардын көбү бизнестерин "кантип сактап калабыз же сыртка чыгарып кетебиз" дегендей коптонуп калышкан. АКС ишкерлер үчүн абдан кооптуу орган болуп калган. Анткени, күнөөсү далилденбесе деле камап, "канча бересиң, ушунча берсең чыгарам" деп кадимки базардагы соодадай эле мамиле болуп калган. Мындан дагы баш-аламандыкка жол бериле электе АКСтин жоюлганын кубаттайм. Анткени, азыркы ар бир камоого ошого жооптуу адамдар кайсы бир убакта сөзсүз жооп беришет. Азыр АКС жоюлганы менен ишкерлер ошого окшош дагы бир орган түзүп алышабы, козголгон кылмыш иштери эмне болот деп ишенип-ишенбей, чочулап карап турушат. Президенттин улам-улам ишкерлерге дем берип айткан сөздөрү чын болсо, бизде Башкы прокуратура бар, УКМКда деле атайын бөлүм бар, ошолор аркылуу коррупцияга каршы күрөш боло берет. Чагымда, Садыр Жапаров ишкерлерге жасалган басым-кысымдын кесепетин сезди окшойт. УКМК террорчулук, ар кандай кооптуу диний экстремизм менен эмес, АКС менен эле иштеп туруп алган да".
Садыр Жапаров өзүнө караштуу Коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши түзүлөрүн билдирген жана ага кайрылган ишкерлердин арыз-муңун өзү көзөмөлгө аларын айткан.
Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин төрайымы Нурипа Муканованын пикиринде, Конституцияга ылайык, буга чейин козголгон кылмыш иштерин тергөө прокуратурага берилиши мүмкүн. Анын баамында, Антикоррупциялык кызмат өзүнүн саясий коррупцияга каршы күрөшүү деген милдетин аткара алган жок.
"Эми прокуратура коррупцияга, ачылган кылмыш иштерине дагы жооп бериши мүмкүн. Коррупцияга каршы кызмат жалаң саясий коррупция менен күрөшүүсү керек болчу. Бул кызмат баягы эле дарыгерлер, айыл өкмөттөр, мугалимдер менен күрөшүп, ылдый жакка кетип калды. Ушул саясий коррупция менен күрөшө албай калды. Бизнес менен күрөшө баштады. АКС акыркы он жылда мамлекеттик сатып алуу системасына отуруп алган. Бул кызмат эчак эле жоюлушу керек болчу. Оңой жолго түшүп алган эле. Бирок коррупцияга каршы күрөш, жалпы абал бүгүн-эртең эле өзгөрүп кетет дегенишенич менде жок. Өлкөбүз коррупцияга аябай малынган да. Прокуратурага аябай көп укук берилип жатат. Эми алардын үстүнөн көзөмөл керек. Биздики тез эле беш баштуу, үч баштуу ажыдаар болуп кетет дегендей".
Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматынан кетээр алдында, Антикоррупциялык кызматты жойгон. Бирок былтыр октябрда президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров бул жарлыкты жокко чыгарган эле.
Быйыл мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат да (Финполиция) жоюлган.
Эксперт Эркайым Мамбеталиева коррупцияга каршы күрөштө алдын алуу иш-чаралары маанилүү экенин такай билдирип келет.
"Бул кызматтын УКМКнын алдында түзүлгөнү туура эмес болчу. Мекеме өзү жабык орган болгондуктан, ал жакка коррупциянын алдын алуу жол-жобосун киргизүү мүмкүн эмес. Алдын алуу деген бул биринчи эле кезекте ачык-айкын эл менен тыгыз иш алып баруу, иш кандай жүрүп жатат деп көзөмөлдөп, мониторинг жүргүзүү, жарандык коом институттары менен тыгыз иш алып баруу. Бийликке ким келбесин, ал өзүнүкүн туура деп, ишин кыла берет. Антикоррупциялык чөйрөдө өзгөрүү тууралуу азыр бир нерсе айтуу кыйын. Системалык түрдө толугу менен иш алып барган орган азырынча жок. Дүйнө жүзүндө алдын алуу саясатын жүргүзүү абдан маанилүү. Биз болсо ушунча зыян келиптир деп коррупционерди кармап отургузганды күрөш деп ойлоп келебиз. Андай болбойт".
Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2011-жылы түзүлгөн жана ошондон бери эле анын мыйзамдуулугу, ишинин натыйжалуугу тууралуу дооматтар маал-маалы менен айтылып келген.
Саясатчы Равшан Жээнбеков коррупцияга каршы күрөштүн мазмуну тууралуу кеп салды:
"АКСти жоюу мага окшогон саясатчылардын, жарандык коомдун, укук коргоо органдарын жакшы билген адамдардын көп жылдан берки талабы болчу. Бул жакшы структуралык өзгөрүү. Мындай өзгөрүүнүн артында маданий-саясий өзгөрүү болбосо реформадан эч кандай ийгилик, натыйжа чыкпайт. АКС болгону бир уюм, аны башка бир органга берип койсо болот. Бирок андан дагы натыйжа, ийгилик болбойт. Себеби, түзүлгөн уюм ачык, саясий куугунтук менен алектенбей, жарандык коомдун көзөмөлүндө, мыйзам үстөмдүгүн туу тутуп иштебесе, анда АКСтин ролун башка жерден деле аткара берет".
Адатта, кайсы бийлик болбосун коррупцияга каршы аёосуз күрөш жарыялап, кандайдыр бир орган түзүп, план, программа даярдап келет. Маселен, мындан үч жыл мурун кыргыз өкмөтү мамлекеттик органдардын коррупцияга каршы иш-чараларынын үч жылдык планын даярдаган. Анда атайын бир орган түзүү, текшерүүнү, көзөмөлдү күчөтүү, мыйзамдарды өзгөртүп, жаңылоо сыяктуу сунуштар болгон. Өкмөттүн коррупцияга каршы мындай демилгеси түрдүү пикир жараткан.