Орусия Украинанын деңиз сууларын талашып, эскертүү берген шартта Кара Деңизде 32 мамлекеттин аскер-деңиз күчтөрү машыгууларды өткөрө турган болду.
Машыгуулар британдык аскер кемесине байланыштуу соңку окуядан улам мамиле курчуп турган учурга туура келди.
Жылда өтчү Sea Breeze деген аталыштагы машыгуулар 28-июндан 10-июлга чейин созулат.
Ага Кара Деңиз боюндагы өлкөлөр, НАТОгө мүчө мамлекеттер жана анын өнөктөштөрү катышат.
Ага аскер-деңиз флотторунун 5 миң аскери, 32 аскер кемеси, 40 аскер учагы жана 18 сууда сүзүүчү жана атайын топтор тартылган.
Бул жылы АКШ менен Украина да биргелешип, деңиздеги жана кургактагы аскер күчтөрүнүн катышуусунда аскердик машыгууларды өткөрөт.
Дагы караңыз
Башкы прокурор интернатта өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү көзөмөлгө алдыАКШ Иран колдогон кошуундарга абадан сокку урду Ашхабадда кыргыз-түркмөн президенттери жолугуштуМурдагы вице-мэрди эркиндикке чыгарган асфальт Талибдер менен кармашта ооган аскерлери Тажикстанга чегиндиКорумду-Балбай автожолу 128 миллион долларга оңдолотМинистр Акылбек Жапаров жөнүндө иликтөө жарыяландыУКМК Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн билдирди"Бишкек менен Ашхабад өз ара кызматташууга муктаж эмес"