Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:30

УКМК Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн билдирди


Алиярбек Абжалиев
Алиярбек Абжалиев

“Мыйзамсыз баюуга” шектелип, чет өлкөдө жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) расмий өкүлү Назгүл Кыдыралиева билдирди.

“Тергөө иштери жүрүп жатат. Анын негизинде Абжалиев 20 миллион сом төлөдү. Бирок ал акчаны кайсы жерден которгону тууралуу маалыматты айта албайбыз", - деди Кыдыралиева.

"Кактус медиа" сайты Абжалиев 27-июнда Кыргызстанга кайтып келери менен чекисттердин колуна түшүп, тергөөгө барганын жазган.

Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевге карата быйыл мартта Жазык кодексинин 308-беренеси ("Мыйзамсыз баюу") менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган.

УКМК Абжалиевди "кызматтык абалын жана экс-президент Сооронбай Жээнбековго кудалык байланышын колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине байма-бай кийлигишип жүргөн" деп шек санаган.

Абжалиев өзүнө карата сотко чейинки териштирүү ишин “куру доомат” деп баалаган. (MiK)

XS
SM
MD
LG