Ысык-Көл облусундагы Корумду-Балбай автожолун оңдоого 128 миллион доллар сарпталат. Анын 35% грант, калганын 2,5 үстөк пайыз менен 23 жылга насыя катары эл аралык үч уюм берет.
Бул насыялык макулдашууларды бүгүн, 27-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитети ратификациядан өткөрдү.
Маалыматка ылайык, Корумду – Балбай кара жолунун узундугу 81 чакырым. Ал төрт тилкелүү экинчи категориядагы жол болот.
2015-жылы өкмөт бюджеттен акча бөлүп, 104 чакырымды түзгөн Балыкчы-Корумду автожолун оңдой баштаган. Учурда анын 23 чакырымы бүтө элек. Жолго 3,8 млрд. сом корогон. Мындан тышкары жол курган кытайлык компанияга кыргыз өкмөтүнүн 75 миллион сом карызы бар. (MiK)
Дагы караңыз
УКМК Абжалиев мамлекетке 20 миллион сом төлөгөнүн билдирдиМинистр Акылбек Жапаров жөнүндө иликтөө жарыяландыАшхабадда кыргыз-түркмөн президенттери жолугуштуБритания элчиси: Кумтөр боюнча суроолор пайда болдуКыргызстанда бир суткада коронавирус аныкталгандар миңден аштыАКШдагы кыргыз мушкери Баратов жеңишке жеттиТажикстанда Кытайдын ТВЕА компаниясынын жумушчулары иш таштады