COVID-19: Ташкент чектөөлөрдү киргизет

Өзбек бийлиги коронавирус коркунучунан улам Ташкентке бир катар чектөөлөрдү киргизет. Мындай чечим коронавирустун Индиядан тараган "дельта" түрүнөн сактануу үчүн чыгарылган.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, 28-июндан тартып Ташкентке зарыл иши болбогондор киргизилбейт.

Мындан сырткары намазды мечиттердин сыртында окуу сунушталып жатат.

25-июнда Өзбекстанда COVID-19 476 адамдан жаңы аныкталды. Бул быйылкы жылдын эң жогорку көрсөткүчү.

Өзбекстанда коронавирустун "дельта" түрү эки күн мурда аныкталган. Болжол менен бул штамм өлкөгө Орусиядан келген.

34 миллионго жакын калкы бар Өзбекстанда пандемия башталгандан бери коронавируска 108 184 киши чалдыкканы расмий маалымдалды. Вирустун курмандыктары 725 кишиге жетти.

Дагы караңыз

Замир Ракиев муфтий болуп шайландыCOVID-19: жети бейтап каза болду, 892 кишиден жаңы аныкталдыОрусияда кош бойлуу аялдар да эмделетАйрым мамлекеттик кызматкерлер "Спутник V" вакцинасын алатСадыр Жапаров УКМКнын Антикоррупциялык кызматын жойду