Экс-спикер Асылбек Жээнбековдун жактоочусу Давран Касымовго “Алдамчылык” боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Касымов "Азаттыкка" билдирди.
Анын баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралып, 28-августка чейин үй камагына алды.
Давран Касымов айтуусунда, Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы бир жарым жыл мурун кыскартылган кылмыш ишин кайра козгогон.
"Соттун токтомунда ишти кайра козгогонго болбойт деп жазылып турат. Сот аны көрүп таң калып жатат. Тергөөчү дагы аны билбегенин айтып жатат".
Адвокат ага каршы Экономикалык кылмыштарга каршы кызматынын мурдагы кызматкери, Свердлов райондук соту тарабынан соттолгон Каныбек Туратов аттуу адам акча алып бербей койду деп арызданганын кошумчалады.
Давран Касымов 31-майда "Кумтөр иши" боюнча эки айга камалган экс-спикер Асылбек Жээнбековдун адвокаты.
ИИМ анын айткандары тууралуу маалымат бере элек. (МТа)
Дагы караңыз
Борбор Азия: Суу талашты ким чечет?Алматы: Шинжаңдагы саясатка каршы чыккан активистти бошотууну талап кылыштыЖапаровдун Тажикстанга күтүлгөн сапары талкуудаКайрат Осмоналиев Азербайжанга элчи болду