Жапаровдун Тажикстанга күтүлгөн сапары талкууда
Президент Садыр Жапаров Дүйшөмбү шаарына барып, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугат. Чек ара жаңжалынан кийинки анын сапары кызуу талкууга түштү. ИИМ кыздарга тийишкен жигиттерди жети суткага чейин камакка алууну сунуштады. Бул кыз-келиндерди зомбулуктан жана ыдык көрсөтүүдөн сактоо үчүн киргизилет. Ооганстандагы талибдер Тажикстан менен чек арага жакын жайгашкан Кундуз шаарын курчап турат. Wall Street басылмасы эл аралык күчтөр чыгып кеткенден кийинки алты айдын ичинде Ооганстандын азыркы өкмөтү кулашы мүмкүн экенин жазды.
Чыгарылыштар
-
Май 14, 2025
Анжиян кыргынына 20 жыл: Чындык чыгабы?
-
Май 12, 2025
Стамбул: Путин менен Зеленский бетме-бет жолугабы?
-
Май 09, 2025
9-май: Украинада согуш, Орусияда майрам