Жалал-Абадда футбол академиясынын имараты курулуп баштады

Футбол академиясынын имараты курулуп баштаган жер.

Бүгүн, 24-июнда, Жалал-Абад шаарынын мэриясында калаада курула турган футбол академиясы боюнча коомдук угуу өттү. Мэрия футболду өнүктүрүү үчүн 4,5 гектар жер бөлгөн.

Академиянын курулушу сентябрь айында аяктап, октябрда ишке берилет. Анда 400дөй баланы тарбиялоого мүмкүнчүлүк болот.

Футбол академиясынын өкүлү Салмоорбек Гайпкуловдун айтымында, эки чоң футбол талаасы, бир чоң жасалма футбол талаасы салынат. 4-5 кичи аянтча да эске алынган. Андан тышкары аллея, чакан парк да бар.

Чет өлкөдөн да келишимдик негизде машыктыруучу алып келүү планда бар.

Академияга берилген жер 2010-жылдагы июнь коогалаңынын уюштуруучусу деп айтылган Кадыржан Батыровдун мамлекетке өткөн мүлктөрүнүн катарында турат. (TB, МТа)

Дагы караңыз

Шекер, эт, өсүмдүк майынан кошумча нарк салыгы алынбайтБорбор Азияны сестенткен "Талибан" таасириКыргызстанда малды экспорттоого уруксат берилетӨзбекстанда коронавирустун "дельта" штаммы аныкталды