Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:59

Өзбекстанда коронавирустун "дельта" штаммы аныкталды


Ташкенттеги эмдөө. 1-апрель 2021-жыл
Ташкенттеги эмдөө. 1-апрель 2021-жыл

Өзбекстанда коронавирустун Индиядан тараган "дельта" түрү аныкталды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары Алдынкы технологиялар борборунун жетекчи орун басары Алишер Абдуллаевге таянап кабарлашты. Болжол менен бул штамм өлкөгө Орусиядан келген.

Абдуллаевдин айтымында, COVID-19дун учурлары эмдөө солгун жүргөндүгү, элдин социалдык аралык, башка карантиндик чараларды сактабагандыгы үчүн көбөйүүдө.

Кошуна өлкөдө пандемия башталгандан бери коронавируска 107 миң 708 киши чалдыкканы расмий маалымдалды.

Вирустун "дельта" штаммы тез жугуп, инкубациялык мөөнөтү кыскарак экени аныкталган.

XS
SM
MD
LG