23-июнда Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов юстиция министри Асел Чыныбаеваны кабыл алып, мамлекеттик нотариустардагы узун кезекти сынга алды.
Марипов мунун чечүү жолу катары нотариустардын штаттык санын көбөйтүүнү же айрым милдеттерин менчик нотариустарга өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылды.
“Бардык жерде кезек күтмөйлөр орун алууда. Бул маселе токтоосуз чечүүнү талап кылат. Эгер мамлекеттик нотариустардын айрым милдеттерин жеке менчик нотариустарга өткөрүп берүү мүмкүн болбосо, анда министрликтеги иш орундарын көбөйтүү керек”, - деди Марипов.
Өткөн жылы өкмөт нотариустардын бирдиктүү реестрин түзүп, "Электрондук нотариус" маалыматтык системасын ишке киргизген. Ал “Санариптик Кыргызстан 2019-2023” трансформациялоо концепциясынын алкагында ишке ашырылганы кабарланган. Системаны ишке ашырууга министрликке бюджеттен 7,3 млн. сом бөлүнгөн.
Долбоор 20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде иштеген. (MiK)
Дагы караңыз
Канада Кытайды уйгурлардын дискриминациясы үчүн айыптадыТүркия Баткендеги миң гектар жерди иштетүүгө көмөктөшөтСадыр Жапаров Тажикстандан мурда Түркмөнстанга баратТалибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарын курчоого алыштыАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСадыр Жапаров Тажикстанга расмий сапар менен баратЫсык-Көлдө чек арачылар кабылган жол кырсыктан бир аскер каза болду