Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:44

Ысык-Көлдө чек арачылар кабылган жол кырсыктан бир аскер каза болду


Жол белгиси. Иллюстрациялык сүрөт.
Жол белгиси. Иллюстрациялык сүрөт.

Ысык-Көл облусунда чек арачылар кабылган аварияда машинаны айдап бараткан аскер каза болду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) Чек ара кызматынан кабарлашкандай, кырсык 23-июнда Сөөк ашуусунда болгон.

Жүк ташуучу автоунаа менен үч аскер жүк алып баратканда автоунаа капталга оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын чоо-жайы иликтене баштады.

Кыргызстанда июнь айынын ортосунда эки күндө жол кырсыктарынан кеминде 15 адам ажал таап, ондон ашык киши жаракат алган. Мерт болгондордун, жабыркагандардын арасында жаңы төрөлгөн ымыркай, жаш балдар да бар.

2021-жылдын башынан бери Кыргызстанда катталган автокырсыктардын саны жана курмандыктары тууралуу расмий маалыматтар жарыялана элек. 2020-жылы өлкөдө 6 миңден ашуун жол кырсыгы катталып, 760 адам каза болгон. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырмалуу 8% көп. (SE)

XS
SM
MD
LG