Түркия өкмөтү Баткенде бош жаткан 1000 гектар жерге мөмө-жемиштин бир нече түрүн өстүрүүгө жана анын түшүмүн кайра иштетүү үчүн ишкана ачууга көмөктөшөт.
Мындай маалымат Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган Баткенге барганда белгилүү болду.
Министрлер кабинетинин Баткендеги өкүлчүлүгү тараткан маалыматта Түркия кол кабыш кыла турган каражаттын көлөмү жана аны ишке ашыра турган убактысы айтылган эмес.
Ушу тапта Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда толугу менен талкаланган 136 үй Түркиянын жардамы менен курулуп жатат.
Үстүбүздөгү жылдын 28-29-30-апрелинде жана 1-майында кыргыз-тажик чек арасында болгон соңку куралдуу жаңжалда кыргыз тараптан 36, тажик тараптан 19 адам курман болгон.
Баткен облусунда 100дөн ашык жеке турак жай талкаланып, өрттөлүп, мектеп, бала бакча жана чек ара бекети сыяктуу мекемелер аткыланып, кыйраган.(JsA)
Дагы караңыз
Талибдер Тажикстан менен чек арадагы Кундуз шаарын курчоого алыштыСадыр Жапаров Тажикстандан мурда Түркмөнстанга баратАба ырайы: көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСадыр Жапаров Тажикстанга расмий сапар менен баратЫсык-Көлдө чек арачылар кабылган жол кырсыктан бир аскер каза болдуТүрк вакцинасынын үчүнчү фазасы Кыргызстанда дагы сыналат