Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан насыя бериле баштайт. Бул тууралуу Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, Бишкекте ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушканда билдирди.
“Кичи ГЭС салууга долбооруңар даяр болсо кыргыз-орус фондунан насыя алып, курулушуңарды баштасаңар болот. Фонд буга чейин насыя берүүнү токтотуп койгон. Бирок жакын арада бере баштайт”, - деди Жапаров.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Кыргызстандын экономикасын колдоо максатында 2014-жылы түзүлгөн. Аны түптөөгө Орусия бир миллиард долларлык капитал бөлгөн. Расмий маалыматка ылайык, фонддун эсебинен 700дөн ашык долбоор каржыланган. (MiK)
Дагы караңыз
Шаардык сот Зулпукаров менен Жээнбековду камакта калтырдыНарын: Уланбек Эгизбаев атындагы стипендияны жалаң кыздар алды Али Токтакунов: Жапаров менен Ташиев да сурак бериши керекДзюдочу Владимир Золоев Олимп оюндарына жолдомо алдыСадыр Жапаров ишкерлердин убарасын көбөйткөн чиновниктерди сындадыДүйшөнбек Чоткараев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыкты