Кыргызстандык дзюдочу Владимир Золоев Жапониянын Токио шаарында өтө турган Жайкы олимпиада оюндарына жолдомо алды. Бул тууралуу Эл аралык дзюдо федерациясы 22-июнда кабарлады.
Буга чейин кыргызстандык 15 спортчуга Олимп оюндарына жолдомо берилген.
Токиодогу жайкы Олимп оюндары быйыл 23-июлдан 8-августка чейин болот. Төрт жылда бир уюштурулчу эл аралык спорт мелдеши 2020-жылы коронавирустан улам өтпөй калган. (SE)