Каныкей Кубанычбекова Токио Олимп оюндарына жолдомо алды

Каныкей Кубанычбекова.

Ок атуу спортунун чебери Каныкей Кубанычбекова эл аралык мелдештердеги алган упайларынын жыйынтыгында Токио Олимп оюндарына жолдомо алды.

Спортчу буга чейин Казакстан, Индия, Кувейт, Азербайжанда өткөн төрт эл аралык мелдешке катышып, жогорку жыйынтык көрсөткөн.

Каныкей Кубанычбекова ок атуу боюнча Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү. Ок атуу спорту боюнча Кыргызстандын курама командасынын мүчөсү.

Учурда Кыргызстандын эсебинде Олимп оюндарына 15 жолдомо бар. Буга чейин балбандар Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев, суу сүзүүчү Денис Петрашов жана жеңил атлеттер - Юлия Андреева, Дарья Маслова, Мария Коробицкая жана оор атлетчи Бакдөөлөт Расулбеков олимпиадага жолдомо алышкан.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 2021-жылдын июль-август айларында өтөт. Олимпиада төрт жылда бир ирет уюштурулат. Былтыр, 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу Токиодогу башкы эл аралык мелдеш кийинки жылга жылдырылган. (GT)

Дагы караңыз

Олимпиадага жол: Эр жүрөк балбан ЭрназарДарья Маслова эл аралык марафондо алтын байге алдыОлимпиадага жол: "Алтын кыз" ДарьяОлимпиадага жол: марафончу Мария Олимпиадага жол: балбан Атабектин кыялы

.