Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:48

Олимпиадага жол: балбан Атабектин кыялы


Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

“Азаттык” радиосу “Олимпиадага жол” аталышындагы жаңы түрмөктү сунуштайт. Анда быйыл Жапониянын Токио шаарында өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алган кыргызстандык спортчулар тууралуу баяндайбыз. Алгачкы каарманыбыз  грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азиcбеков болмокчу. 

Кыргызстандан Токио олимпиадасына ушул күнгө чейин алты спортчу жолдомо алды. Алардын бири - балбан Атабек Азиcбеков.

Атабек 2019-жылы 16-сентябрда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 87 килограммга чейинки салмакта 5-орунду ээлегени үчүн олимпиадалык жолдомонун ээси болгон.

Ал кезде Азисбеков дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн болгон беттеште өзбекстандык Рустам Ассакаловго 2:6 эсебинде жеңилген эле.

Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.
Атабек Азисбеков (кызыл кийимчен) менен өзбек балбаны Рустам Ассакалов Дүйнө чемпионатынын коло байгеси үчүн күрөшүп жаткан учур. Казакстан, Нур-Султан шаары. 16-сентябрь, 2019-жыл.

Беттештен соң балбан кыргыз элине кайрылып, каталардын үстүнөн иштей турганын айткан.

«Биринчи кезекте үйгө кайтканда каталарды оңдойм. Бүгүнкү кемчиликтерди Олимпиададан кайталабаш үчүн анын үстүнөн иштейм. Кыргыз элинен кечирим сурайм. Эл менден көп нерсени күткөн. Баары жакшы келе жаткан. Бирок ушундай болуп калды, калыс өзбек балбанына тартып койду», – деди Атабек Азиcбеков.

Атабек Азисбеков 25 жашта. Ал 2011-жылдан бери эл аралык мелдештерге катышып, Бангкок шаарында өткөн кадеттер арасында Азия чемпионатында коло медаль тагынган. Бир жылдан кийин Бишкекте өткөн кадеттер арасындагы Азия чемпионатында жеңүүчү болгон.

Чемпиондун бала чагы

Атабек Талас облусунун Арал айылында мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. 13 жашында күрөш менен машыга баштаган.

Балбандын апасы Жылдыз Курманалиева уулунун бала чагын, күрөшкө кызыгуусун төмөндөгүчө эскерди:

«Биздин Арал айылында күрөш залы жок болчу. Төркүндөрүм Талас районунун Көпүрө-Базар айылында жашайт. Ал жерде күрөш залы болгондуктан Байсеит Дүйшөкеев агай менен сүйлөшүп, машыгууга уруксат алдык. Жумасына бир жолу коңшу айылга каттап турду. Чемпион баланы тарбиялаш өтө кыйын. Атабек кичинекейинде бейбаш, айтканынан кайтпаган өжөр болчу. Алдына максат койсо, ошого жетмейинче жаны тынчу эмес. Ошол мүнөзү ага спортто ийгилик жаратууга жардам берди деп ойлойм. Биз дагы колубуздан келгендин баарын жасап, анын каалоосун аткарып турдук. Кадеттер арасындагы мелдешти мамлекет колдобойт экен. Финансы жагынан бир топ кыйналсак да баламдын жолуна акча таап берип, мелдештерге жөнөткөнгө аракет кылчубуз. Айылдык кеңештин депутаттары көп жардам берди».

Атабек Азисбеков 8-класста Бишкектеги Шералы Сыдыков атындагы олимпиадалык резервдеги спорттук мектепке окууга өтүп, аны менен катар күрөш менен жигердүү машыга баштайт. Ошондон тартып анын спорттук карьерасынын жаңы барагы ачылган.

Сегизинчи класстан тартып грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Жусуп Калиловдун, кийинчерээк учурдагы машыктыруучусу, грек-рим күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген спорт чебери Уран Калиловдун жетекчилигинин алдында машыга баштаган. ​

Атабектин машыктыруучусу Уран Калилов шакирти тууралуу буларга токтолду.

«Айылдан келген балдар тың болот. Атабек дагы ошондой балдардын бири эле. Алгач аны атам машыктырды, кийин менин колума өттү. Бизге келгенде атам экөөбүз анын техникасына басым жасап, күрөштүн тактикасын үйрөттүк. Күрөштө балбан өжөр болбосо бир нерсеге жетиши кыйын да. Талыкпай эмгектениши керек. Дал ушул мүнөз Атабекте бар. Биринчи жолу өзүбүздүн спорттук мектепте өткөн мелдеште биринчи орунду жеңип алды. Кийин Азия чемпиону болду. Ушинтип акырындык менен келе жатат. Албетте көп жолу жеңилди, ыза болду. Мындай учурда чөгүп кетпей эки эсе көп машыгып, алдыга умтулуп келет».

Атабек Азисбеков кадеттер арасында Азия чемпиону (2012-жыл). Кадеттер арасында Дүйнө чемпионатынын коло байгесинин ээси (2012-жыл). Чоңдор арасында Азия чемпионатында эки жолу (2015-2017-жылдар аралыгында) күмүш байге уткан. 2017-жылы Ашхабад шаарында (Түркмөнстан) өткөн жабык имаратта өтүүчү 5-Азия оюндарынын күмүш медалын тагынган.

Бээжин олимпиадасынын коло байгесинин ээси, балбан Руслан Түмөнбаев Атабек Азисбековдун олимпиададагы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеп салды:

Руслан Түмөнбаев
Руслан Түмөнбаев

«Атабек мыкты күрөшкөн спортчулардын бири. Олимпиадага жолдомо алгандын өзү эле жогорку көрсөткүч. Негизи дүйнө чемпионатына дүйнөнүн алдыңкы 16, 17 спортчусу чогулат. Азыр Атабек ошол мыкты балбандардын катарында, 5-орунда турат. Буга чейин деле кадеттер, жаштар жана чоңдор арасында дайыма байгелүү орундарды алып келген. Негизи Атабек учурдагы Азиянын, Дүйнөнүн чемпиондору менен күрөшкөн. Спорттук режимди бузбай, убагында машыгып, убагында окуу-машыгууларга катышса олимпиада оюндарынан медаль ала турган спортчу. Себеби, потенциалы күчтүү, өз салмагында мыкты күрөшө алат, туруктуу мүнөзү бар спортчу. Дагы эки-үч мелдешке катышса, Токио олимпиадасына даяр болуп калат».

Атабектин кыялы

Грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков Токио олимпиадасына алгачкы болуп жолдомо алган. Ал Жапонияда өтчү олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн 87 килограммга чейинки салмакта Кыргызстандын намысын коргойт.

Балбан олимпиадалык жолдомону утуу үчүн 10 жылдан ашуун үзгүлтүксүз машыгып жатканын, олимпиаданын жылдырылышы ал үчүн күтүүсүз болгонун “Азаттык” радиосуна айтып берди. Биз балбандын өзү менен байланышканыбызда ал окуу-машыгуу сборунда жүргөн экен.

«Олимпиада оюндарынын кийинкиге жылып калганы мен үчүн бир чети сыноо, бир чети жакшы мүмкүнчүлүк. Мен грек-рим күрөшүн 87 килограммга чейинки салмакта жаңы гана күрөшө баштаган болчумун. Олимпиадага лицензия алган кезде бул салмакка салмагым жетчү эмес. Азыр салмак кошуп, бир жыл тынбай машыгып, тажрыйба топтодум. Азыр Уран Калиев, Азат Эркинбаев жана Улук агайдын кол астында тынбай машыгып жатам. Азырынча эч нерсе пландай элекмин. Менин бир гана максатым - олимпиада оюндары. Азыр олимпиада менен гана жашап жатам».

Атабек карантин учурунда да машыгуусун токтотпой, үй шартында машыгып турган.

Карантинде Олимпиадага даярданган спортчулар.

Карантинде Олимпиадага даярданган спортчулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:49 0:00

Атабек учурда туулган айылына спорт зал ачууну максат кылып жүргөн экен. Буга бала чагында башка айылга каттап, жол азабынан көңүлү калганы түрткү болуптур.

«Өзүмдүн айылымда машыгуучу зал жок, бизден 25 чакырым алыс айылга машыгуу үчүн барчумун. Байсейит агайдын колунда күрөш менен жакындан тааныштым. Кээде машине менен барып, кайтканда жөө келчүмүн. Ар кимдин машинесине, ат арабасына түшкөн күндөр болду. Ал кезде жол жаман болгондуктан машине көп каттачу эмес. Айла жок кээде ат минип барчумун. Спорт мектепке келгенде биздин айылдан менден башка эч ким жок эле. Ошондо байкелерим болгондо колдоо көрсөтөт беле деп кыялданчумун. Азыр өзүм туулуп-өскөн айылга күрөш залын ачууну пландап жатабыз. Айылдагы агаларым, айыл жаштары менен сүйлөшөбүз. Кудай буюрса эки-үч жыл ичинде зал ачылса, биздин айылдан менден башка да балбандар чыкса деп тилейм».

Учурда кыргызстандык спортчуларда Токио Олимпиадасына алты жолдомо бар. Алардын үчөө жеңил атлеттерге таандык. Алар - Мария Коробицкая, Юлия Андреева, Дарья Маслова. Спортчу кыздар олимпиадалык жолдомолорду марафондон жарышка чыгып, утуп алышкан. Ал эми калган үч жолдомо балбандар Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков жана суучул Денис Петрашовго таандык.

XS
SM
MD
LG