Баткенде Курбан-Көлдөгү эс алуу сезонунун ачылышына өзбек делегациясы катышты

Курбан-Көл.

Баткенде Курбан-Көл эс алуу жайынын туристтик сезонунун ачылышы коңшу Өзбекстандын Фергана облусунан конок катары келген расмий делегациянын катышуусу менен өттү. Негизги иш-чаралар 17-июнда уюштурулуп, Фергананын район акимдери, ишкана жетекчилери, маданият кызматкерлери жана жаштардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чараларга Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев жана Фергананын башчысы Хайрулло Бозоров катышты.

Баткен облусунун башчысы Абдикарим Алимбаев Фергананын башчысы Хайрулло Бозоров менен жолугушуу өткөрүп, соода-экономикалык багытта, маданият, туризм жаатында кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Курбан-Көл аймагы.

Эки өлкөнүн делегациялары Курбан-Көл эс алуу жайындагы иш-чарадан кийин Өзбекстандын Шахимардан анклавына барып, жергиликтүү бийлик уюштурган достук иш-чарасына катышты.

Туризм тармагын өнүктүрүүгө багытталган иш-чаралар эки өлкөнүн белгилүү эстрада жылдыздарынын концерти менен жыйынтыкталды.

Кадамжай районунун Көтөрмө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан Курбан-Көл эс алуу жайы 1200 метрлик асма жол менен байланышкан эки бөлүктөн турат. Баткен облусуна 2019-жылы 70 миңдей турист келсе, өткөн жылы бул сан дээрлик 2,5 эсе кыскарган. Коронавирус пандемиясына байланыштуу чектөөлөрдөн улам Кыргызстанда 2020-жылы туризм тармагында киреше 90% азайган. (JsA)

Дагы караңыз

Крымдын бир катар аймагын суу каптадыПрезидент "Торугарт" өткөрмө бекетинин иши менен тааныштыОш: Тойканаларга иш-чара өткөрүүнү убактылуу токтотуу сунушталууда"Кумтөр ишине" байланыштуу Тайырбек Сарпашев кармалды