Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Президент "Торугарт" өткөрмө бекетинин иши менен таанышты


Президент Садыр Жапаров 18-июнда "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.
Президент Садыр Жапаров 18-июнда "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.

Президент Садыр Жапаров 18-июнда Нарын облусуна барып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Жапаров бекеттин инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча зарыл чараларды көрүп, аткезчилик тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

Мамлекет башчысына жүктөрдү өткөрүү тартиби, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин алдын алган инспектордук-текшерүү комплекси көрсөтүлдү. Өтүп жаткан жүк жана автоунаалар боюнча бардык маалыматтар бажы базасында 10 жыл бою сакталып турары айтылды

Садыр Жапаров бүгүн, 18-июнда, Нарында иш сапары жүрөт. (BTo)

Президент Садыр Жапаров 18-июнда “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.
Президент Садыр Жапаров 18-июнда “Торугарт” көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты.

XS
SM
MD
LG