Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова RTVI телеканалына курган маегинде, Москва менен Вашингтон камактагыларды алмашуу маселесин карап баштаганын билдирди.
Владимир Путин Женевада Жо Байден менен жолуккандан кийин маалымат жыйында тараптар АКШда камалган орусиялыктар менен Орусияда жазасын өтөп жаткан америкалыктарды алмашуу боюнча мунасага келгенин айткан болчу.
Захарова RTVI телеканалына камактагыларды алмашуу маселесинде бир топ жагдайлар болгондуктан ал коомдук талкууда болбошу керектигин белгиледи.
АКШ президенти Жо Байден менен Орусиянын лидери Владимир Путин 16-июнда Женевадагы La Grange хан сарайында жолуккан. Бул Байдендин президент катары Путин менен алгачкы жолугушуусу.
Дагы караңыз
Жээнбеков менен Зулпукаровдун бөгөт чарасы 23-июнда каралатЖээнбеков менен Зулпукаровду колдогондор митингге чыктыБишкек-Балыкчы поезди жүрө баштадыМарипов: талапка жооп бербеген автомектептер жабылышы керекСалиевдин жакындары анын ишинин калыс тергелишин талап кылышты